Ат-Башы мектеп-лицейинин жааматы баардык мугалимдерди,окуучуларды жана ата-энелерди жаңы окуу жылы менен куттуктайт. Бул жылы пандемияга байланыштуу биздин майрамдык салтанат онлайн формата ѳтѳт. Жакында ѳлкѳбүздѳ абал турукташып, кайрадан мектептен кѳрүшѳбүз деген үмүттѳбүз.

Бул жыл баарыбызга тынчтыктын,ийгиликтин жылы болушун тилейбиз. Мугалимдер окуучуларга мыкты билим беришип,ал эми ата-энелер балдарына ар дайым колдоо кѳрсѳтүшсүн. Биздин баардык жасаган иштерибиз балдарыбыздын бактылуу, жаркын, ишенимдүү келечеги үчүн. Билим күнүңѳр менен! Кайрадан кѳрүшкѳнчѳ!