Жыл сайын 23-сентябрда «Мамлекеттик тил күнү» белгиленет. 1989-жылы Кыргыз ССР Жогорку кеңешинде «Кыргыз ССринин мамлекеттик тили» мыйзамы кабыл алынган. Бул дмыйзамдын негизинде кыргыз тили «мамлекеттик» деген статус алган.

«Мамлекеттик тил»мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы баардык катмарларда,мекемелерде кыргыз тили милдеттүү түрдѳ колдонулушу керек. Ошол эле учурда, кыргыз тилин билбеген чет элдик жарандардын эркиндиги,укугу корголуусу керектиги эскертилген.