Бүгүн Кыргызстанда мугалимдер күнү белгиленүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөт 5-октябрды Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү катары бекиткен. Бул тууралуу токтомго 2014-жылы кол койгон.Эске салсак, буга чейин мугалимдердин жана кесиптик билим берүүнүн кызматкерлеринин күнү октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленчү. Анда мугалимдер майрамы ар кайсы күнгө туш келчү.

1994-жылдан бери дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекетинде 5-октябрь Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү катары майрамдалып келет. Бул күн мугалимдердин жана билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип, алардын билим берүүгө жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы даңазаланат.

Ат-Башы мектеп-лицейинде атайын мугалимдер үчүн майрамдык концерт уюштурулуп, ондогон мугалимдер ардактуу эмгеги үчүн «Мактоо баракчалары» менен сыйланышты.

Бардык Ат-Башы мектеп-лицейинде эмгектенген мугалимдерге, чоң ыраазычылык билдиребиз!