Ат-Башы мектеп-лицейинде 2022-жылдын 5-июлунда 9-класстын 232 бүтүрүүчүсүнө негизги жалпы билими жөнүндөгү күбөлүктөр тапшырылды.

Ошондой эле 2022-жылдын 7-июлунда 11-класстын 112 бүтүрүүчүсүнө жалпы орто билим жөнүндө аттестат тапшыруу иш чарасы өткөрүлдү.Бул иш чарага мугалимдер,жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору,ата-энелерден келип катышты.

Коопсуздукту сактоо максатында мектепте атайын кезекчилик уюштурулуп; мектеп жетекчилиги,класс жетекчилер,күзѳтчүлѳр кезекчиликке турушту.