Жол коопсуздугу — өмүр коопсуздугу!

Бүгүн Ат-Башинская жалпы билим берүү мектебинде жол кыймылынын коопсуздугу боюнча сүрөт тартуу сынагы, мектептик линейка жана класстык сааттар өткөрүлдү.

Мугалимдер окуучуларга жол эрежелерин сактоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана коопсуз жүрүм-турум тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Окуучулар иш-чараларга активдүү катышып, пайдалуу маалыматтарды алышты.