Бүгүн 13-декабрь «Адабият күнүнө» карата Ат-Башы мектеп-лицейинин 6-10-11-класстарынын окуучулары Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү көрсөтүп беришти. Окуучулардын образдарды жеткире аткаргандыгы,сахнада өзүлөрүн көрсөткөндүгү көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Көрөрмандар жазуучунун мыкты калемгер болгондугуна дагы бир жолу күбө болуп олтурушту.Бул театрлаштырылган кечени кыргыз тили мугалими Саитова Саткынай Кульпудиновна даярдап,көрүүчүлөргө алып чыкты. Кече бардык көрүүчүлөрдүн купулуна толду.