Акыл таймашындагы сыймыктуу жеңишибиз.
Сыймыктуу жеңишибиз менен бөлүшөбүз.
Биз Ат- Башы мектеп — лицейинин 7- классынын окуучулары 2025- жылдын сентябрь айында «Акыл таймаш» долбооруна катышып,жети дубандын ар кайсы жактарынан келген 30 мектептин арасынан байгелүү 3- орунду жеңип алдык.Бул жетишкендикке жетүү үчүн 3 ай бою тынымсыз даярданып. Кыргыз тили жана адабияты. Тарых. География. Нарктуулук сабактары боюнча билимибизди тереңдеттик. Катуу атаандаштыкта өткөн таймаштын жыйынтыгында финалга 10 мыкты мектеп тандалып,алардын катарында татыктуу орунду ээлөө биз үчүн чоң сыймык болду.
Жыйынтыгында бизге Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү 1-2- томдору. Ар бир окуучуга диплом,даярдаган мугалимдерге диплом жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Бул жеңиш – мээнеттин,сабырдын жана ынтымактын жемиши. Колдоп келген бардык кесиптештерибизге жана ата-энелерге чексиз ыраазычылык билдиребиз! Алдыда дагы чоң ийгиликтер бизди күтөрүнө ишенебиз! Даярдаган мугалимдер: Саитова Саткынай Кульпудиновна. Масадикова Гулнара Муртазаевна.
