Бүгүн республика боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы эки жылдан бери биринчи жолу оффлайн башталды. Буга чейин 2 жыл бою экзамен пандемияга байланыштуу окуу процесси аралыктан өткөндүктөн, жыл ичиндеги өздөштүрүүсүнө ылайык экзамендин баалары коюлуп келген.

Сынак мурунку жылдардан айырмасы, тапшырмалар электрондук вариантта келди. 11-класстар кыргыз тили жана адабияты сабагынан, 9-класстар математика сабактарынан жазуу түрүндө сынак тапшырышты.

Мектеп бүтүрүүчүлөр 5 дисциплина, анын ичинен 4 милдеттүү, 1 тандоо боюнча сынак тапшырат.

Ат-Башы мектеп-лицейинде 11-класстан 112 окуучу, 9-класстан 232 окуучу мамлекеттик сынак берип жатышат.

Ат-Башы мектеп-лицейинин директору Мырзабекова Р.Снын тапшырмасы менен мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациянын инструкциясына ылайык сынак өтүүчү бөлмөлөр алдын ала даярдалып, предметтик комиссиялар түзүлгөн.

Экзамен саат 9.00дө башталып. Ар бир предмет боюнча тапшырмаларды аткаруу убактысы белгиленген. 4 астрономиялык сааттан ашык болгондо окуучуларга 10-15 минут тыныгуу берилет.

Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоо сынактары 23-июнда аяктайт.