Мектепте окуучулардын билим сапатынын өсүшүнө ата-энелердин мектеп менен тыгыз байланышта болуусу түздөн түз таасирин тийгизет.Сентябрь айынан баштап мектеп менен ата-энелердин байланышы тыгыз болуп, көп иш-чаралар аткарылды.Сентябрь айында жалпы ата-энелер менен чогулуш өткөрүлүп, анда бала тарбиялоодогу оорчундуу каталар,аларды жою маселеси, балдардын коопсуздугу жөнүндө маектешүү болду.

Андан тышкары, Ат-Башы мектеп-лицейинде окуган окуучулардын ата-энелери үчүн «Ата-энелер сиздер үчүн» китебинин автору Гапыр Мадаминов менен жолугушуу кечеси уюштурулуп, анда бир топ баалуу маалыматтар айтылды. Жолугушууга келген ар бир ата-эне, бала тарбиясына болгон көз караштарын өзгөртүп,жаңы билимдерге ээ болуп чыгышты.

Сентябрь айында башталгыч мектепте «Энелер мектеби» түзүлүп,азыркы күндө 20 айым «Энелер мектебинин программасынын» негизинде окуп жатышат.
Мектебибиздеги кыргыз класстардын мугалимдери атайын кошумча «Акыл эмгегинин маданияты» жана «Устаттык өнөр» китебинин негизинде уюштурулган окутуу курсунда окушуп,Гапыр Мадаминовдун окутууда колдонгон методдорун үйрөнүп чыгышты. Азыркы күндө окутуу процессинде, курста окуп алган билимдерин активдүү колдонуп жатышат.

Мектепте ар бир чейректе боло турган «Ата-энелер чогулушунда» Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектебинин программасынын» негизинде атайын сабак-лекциялар өткөрүлүп турмакчы. Ошондой эле мектеп мугалимдери окутуу процессинде, Гапыр Мадаминовдун усулдарын колдонуп билим сапатты жакшыртууга көмөктөшмөкчү.