Ат-Башы мектеп-лицейинде 24-25-26-ноябрь күндѳрү 1-11-класска чейин жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушта мектептеги жетишкендиктер,алдыга коюлган пландар,тартип жана эмдѳѳ иштери боюнча сѳз болду.

Чогулушту алып баргандар:
Мырзабекова Р.С-Ат-Башы мектеп-лицейинин мүдүрү
Нурмагамбетова Б.К-Окуу-тарбия иштеринин жетекчиси
Абдыкеримов М.К-Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы
Доронина С.В-Башталгыч класстардын окуу-тарбия иштерини жетекчиси
Тапаева М.К- Башталгыч класстардын окуу-тарбия иштерини жетекчиси
Дуйшенбаева Е.А-Камкорчулар кеңешмесинин жетекчиси
Нахаева Н.А-Мектептин чарба иштеринин жетекчиси
Маметов Д.О- ГСВ башкы дарыгери
Балтабаева А.И-ГСВ дарыгер
Бѳрүбаев К.К-Милициянын капитаны
Мукан кызы Перизат-Жаш ѳспүрүмдѳр инспектору
Нарматбай кызы Салкынай-Кыргыз тили мугалими

Мектептин мүдүрү Мырзабекова Р.С чогулушка келип катышып жаткан ата-энелерге ыраазычылыгын билдирди. Чогулуштун эң башкы максаты-Мектеп менен ата-энелердин тыгыз иш алып баруусуна ѳбѳлгѳ түзүү болду. Ошондой эле Ат-Башы мектеп-лицейинде бир жыл ичинде кандай иштер жасалгандыгынын отчету берилди; Нурмагамбетова Б.К окуу иштериндеги 2020-2021-окуу жылындагы окуучулардын жана мугалимдердин жетишкендиктери боюнча айтып ѳттү. Ошону менен бирге эле биринчи чейрек ичиндеги класстардын жалпы билим кѳрсѳткүчтѳрүнѳ токтолуп ѳттү. Алдыга коюлган жылдык план менен тааныштырды.

Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Абдыкеримов М.К чогулушка келген жалпы ата-энелерди эмдѳѳдѳн ѳтүүгѳ чакырып ѳттү. Статистикага караганда, Манас айылында калктын 80% эмдѳѳдѳн ѳтүшкѳн эмес. Бул инфекциянын ѳсүшүнѳ алып келип жаткандыгын айтты. Жалпы элге эмдѳѳ коркунуч алып келбей тургандыгын түшүңдүрүү үчүн, ГСВнын башкы дарыгерлери Маметов Д.О жана Балтабаева А.Илер чакырылгандыгын айтып,кенен маалымат алып кетүүгѳ чакырды. ГСВнын башкы дарыгерлери Маметов Д.О жана Балтабаева А.Илер келген ата-энелерге «вакцина» боюнча кенен маалымат берип,эмдѳѳдѳн ѳтүүгѳ чакырышты.

Милициянын капитаны Бѳрүбаев К.К жаш ѳспүрүм балдардын жолдо ѳзүн алып жүрүү эрежелери боюнча айтып,ата-энелерди да үйдѳн түшүндүрүү иштерин ѳткѳрүп турууну ѳтүндү.

Жаш ѳспүрүмдѳр инспектору Мукан кызы Перизат Ат-Башы мектеп-лицейинде окуучулардын кѳптүгүнѳн улам, алардын кылмыш иштерин кѳзѳмѳлдѳѳ бир аз кыйынчылыктарды туудуруп жатканын айтып,ата-энелерди да ѳз балдарына кѳзѳмѳл жүргүзүп,жардамдашууга чакырды.

Кыргыз тили мугалими Нарматбай кызы Салкынай «Энелер мектебинин» негизинде атайын лекция сабак ѳттү. Сабакта ата-энелердин балдарына болгон туура мамиле,тарбия боюнча маалымат берилди. Азыркы учурдун ѳспүрүмдѳрүнүн аң-сезиминин ѳзгѳчѳлүгү,аларды кызыктырган технология боюнча кенен түшүндүрмѳлѳр берилди.

Ата-энелер чогулушу жалпысынан алганда, толук койгон максатына жетти. Ата-энелер мектеп турмушунан гана кабардар болбостон,башка дагы кошумча маалыматтарга ээ болуп кайтышты.