29-апрелде мектебибизде «Балдарга жылмаю тартуула» деген аталышта кайрымдуулук иш чара болуп ѳттү. Кайрымдуулук иш чаранын негизги максаты: мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга кайдыгер эмес ишкерлерден колдоо алуу. Иш чарага Манас айылынын ѳкмѳт жетекчилери,депутаттар жана жеке ишкерлер катышышты. Ар бири мектептин техникалык базасынын жакшырышына колдоолорун кѳрсѳтүшүп,акчалай жана техника менен жардам кылышты. Алсак: ОсОО «Геотехсервис» генералдык директору Рысбеков Серикбай Анаркулович мектепке музыкалык апаратура,микрофон жана колонка алып берсе, «Планета электроники» дүкѳнүнүн генералдык директору Полтавцев Сергей акчалай жардам берип ѳттү. Мектепке жардам кѳрсѳткѳн бардык кайдыгер эмес инсандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Чогулган каражатка бир класс бѳлмѳсүнѳ парта,отургуч алынды. Эми мындай иш чараларды жылда ѳткѳрүп,мектептин техникалык базасын жакшыртууга аракеттерди кѳрѳ бермекчибиз.