Сынакка катышууга тѳмѳндѳгүдѳй эмгектер керек:
- Атуулдук ырлар
- Атуулдук темадагы сүрѳттѳр
Ошондой эле «Аймактарды ѳнүктүрүү,ѳлкѳнү санариптештирүү жана балдарды коргоо» жылына карата «Сары-Өзѳн Чолпондору – 2021 ж.» фестиваль-сынагы ѳткѳрүлѳт.
Сынак үч баскычта ѳтѳт:
- баскыч- мектепте 2021-жылдын февраль-март айларында ѳтѳт.
- баскыч – районго тандалат-апрель айынын башында.
- баскыч – апрель-май айылырында райондук фестивалдын Гала-концерти болуп,жеңүүчүлѳр аталат.
Фестиваль-конкурстун башкы максаты:
- Окуучулардын чыгармачылык ойлоо жѳндѳмдүүлүктѳрүн ачуу.
- Искусствонун жардамы менен атуулдук тарбияны жогорулатуу жана улуттар аралык мамилени чыңдоо.
- Мектеп окуучуларынын арасынан ѳзгѳчѳ талаттуу окуучуну алып чыгуу.
Балдар,каалоочуларды мектепте ѳтѳ турган сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сен бийлегенди, ырдаганды, музыкалык аспапта ойногонду,сүрѳттү мыкты тартсаң, анда сѳссүз сынакка катыш. Балким сен 2-баскычта биздин мектепти сынакта кѳрсѳтѳ аласың. Баардык каалоочуларды күтѳбүз!
Катышуу үчүн билдирмени Бибигуль Камитсултановнага калтырабыз (207 бѳлмѳ).