Сынакка катышууга тѳмѳндѳгүдѳй эмгектер керек:

  1. Атуулдук ырлар
  2. Атуулдук темадагы сүрѳттѳр

Ошондой эле «Аймактарды ѳнүктүрүү,ѳлкѳнү санариптештирүү жана балдарды коргоо» жылына карата «Сары-Өзѳн Чолпондору – 2021 ж.» фестиваль-сынагы ѳткѳрүлѳт.

Сынак үч баскычта ѳтѳт:

  1. баскыч- мектепте 2021-жылдын февраль-март айларында ѳтѳт.
  2. баскыч – районго тандалат-апрель айынын башында.
  3. баскыч – апрель-май айылырында райондук фестивалдын Гала-концерти болуп,жеңүүчүлѳр аталат.

Фестиваль-конкурстун башкы максаты:

  1. Окуучулардын чыгармачылык ойлоо жѳндѳмдүүлүктѳрүн ачуу.
  2. Искусствонун жардамы менен атуулдук тарбияны жогорулатуу жана улуттар аралык мамилени чыңдоо.
  3. Мектеп окуучуларынын арасынан ѳзгѳчѳ талаттуу окуучуну алып чыгуу.

Балдар,каалоочуларды мектепте ѳтѳ турган сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сен бийлегенди, ырдаганды, музыкалык аспапта ойногонду,сүрѳттү мыкты тартсаң, анда сѳссүз сынакка катыш. Балким сен 2-баскычта биздин мектепти сынакта кѳрсѳтѳ аласың. Баардык каалоочуларды күтѳбүз!

Катышуу үчүн билдирмени Бибигуль Камитсултановнага калтырабыз (207 бѳлмѳ).