18-февралда мектепте 8-«Б» жана 8-«В» класстарынын арасында «Манас таануу» боюнча сынак болуп ѳттү. Сынакта:

1) Саламдашуу

2) Манас айтуу

3) «Манас» эпосунан үзүндү кѳрсѳтүү

4) Сүрѳт кѳргѳзмѳсү

5) Суроо-жооп

6) Сѳз чечмелѳѳ

Боюнча ѳздѳрүнүн күчтѳрүн сынап кѳрүштү. Эң жогорку даярдык жана мыкты жыйынтык кѳрсѳтүп, 8-«В» классынын окуучулары жеңип чыгышты. Сынакта жеңген окуучулар «мактоо баракчалары» менен сыйланышты. Сынакты даярдап алып чыккан мугалим-Карабаева Уулбек Айталиевна болду. Бардык сынакка катышкан окуучуларга жана мугалимине чоң ыраазычылык билдиребиз. «Манас» эпосу боюнча дагы кѳп иш-чаралар болот деп ишенебиз.