Сокулук районундагы №1 К. Карасаев атындагы жалпы билим берүүчү мектеби
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» үгүт-насаат кербенинин жарлыгын ишке ашыруу максатында, алп манасчы Тыныбек Жапый уулунун 180 жылдык мааракесине карата мектеп окуучулары арасында уюштурулган «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын райондук баскычына Ат-Башы ЖББМнин 8-класстарынын эки командасы катышты. Жалпы 32 команданын ичинен окуучуларыбыз 2-орунду жана 4-орунду камсыз кылышты.
«Манас урпагы» командасы 24 упай топтоп, 2-орунга ээ болду.
Даярдаган мугалим: Уланбек кызы Нурбийке.
Катышкан окуучулар:
Субаналиева Айзара,
Дыйканбеков Максат,
Муратбекова Жуманур.
«Айкөл Манас» командасы 22 упай топтоп, 4-орунга ээ болду.
Даярдаган мугалим: Усарова Нуриза Анаркуловна.
Катышкан окуучулар:
Орозалиева Асия,
Кахарова Рабия,
Таабалдиева Сумая.
Окуучуларыбызды жана мугалимдерди жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз!
