Ат-Башы мектеп-лицейинде жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып,колдонууга берилди. Биринчи кабаттын башкы кирүү аянчасы толугу менен жаңыланды. Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө каражат: айыл өкмөттүн жана демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлдү. Эми биздин окуучулар жаңы,заманбап,таза мектепте билим алышына шарт түзүлдү. Келечекте, калган эки кабатты да жаңылоого пландар түзүлүп жатат.