Февраль айында Ат-Башы мектеп-лицейинде окуучулардын патриоттук сезимдерин ойготуу максатында иш-чаралар өткөрүлдү. Патриоттук тарбиянын жардамы менен окуучулардын өз мекенине,жерине,өз шаарына,мамлекетине болгон сүйүүсүн ойгото алабыз. Коомго патриот балдарды тарбиялап чыгаруу абдан маанилүү,патриот адам гана өз жерин,элин коргой алат жана өзүн толук сезет. Ошол себептен бизде февраль айында төмөндөгү иш-чаралар өткөрүлдү:

15-февраль « Афган согушун» эскерүү максатында класстык сааттар өткөрүлдү. Класстык саатта окуучулар өз мекенин сактоо үчүн «Кыргыз жоокерлери» кандай тобокелчиликке баргандыгы,ар бир мамлекеттин жарандары дайыма өз мекенин коргоого даяр туруу керектигин түшүнүштү. Ошондой эле ата-бабаларыбыздын мекен үчүн жасаган эрдиктерин эскерип,үлгү алуу керектигин билишти.

18-февралда «Манас» эпосунун негизинде 8-класстар арасында таймаш болуп өттү. Таймаштын максаты; окуучулардын патриоттук сезимин ойготуу,ата-бабаларыбыздын кылган иштеринен үлгү алуу,улап кетүү болду. Таймашта окуучулардын эпос боюнча даярдыгы жогорку деңгээлде болду. Таймашты кыргыз тили мугалими Карабаева У.А даярдап чыгарды.

Ошондой эле 4-«д» классынын окуучулары «Манасым-менин мурасым» деген аталышта ачык сабак ѳткѳрүштү.Даярдаган Усупова А.У окуучулар менен мыкты иш алып бара тургандыгын сабакта кѳрсѳтѳ алды,келген кѳрүүчүлѳр сабакка жогорку баа беришти.

23-февралга карата «Ата-Мекенди коргоочулар» күнүнө карата концерттик иш-чара өткөрүлдү. Эң негизи максаты: ата-мекенге болгон сүйүүнү ойготуу,тарыхты унутпоо,кыргыз баатырларынын эрдигин билүү,биримдиктүү болуу маанилүүлүгү болду. Иш-чараны 9-«Е» классынын окуучулары өткөрүштү. Концерттик программада,ыр,бий,слайд шоу,сценка,кутуктоо ж.б болду.

Патриоттук тарбия боюнча мектепте ар бир айда,класстык сааттарда,ар кандай иш-чараларда темасына ылайык камтылып турат. Себеби жогоруда белгиленгендей эле коомго патриот,мекенин, жерин,элин сүйгөн жаран керек. Мектептеги алган патриоттук тарбия ар бир адамга өмүр бою керек болот. Ошол себептен тарбиялык иштер үзгүлтүксүз өткөрүлүп туруусу шарт.