17-мартта Ат-Башы мектеп-лицейинде «Салам сага, санжыралуу Ноорузум!» аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш чараны ѳткѳрүүгѳ жоопкерчиликтүү: 1-11-класс жетекчилери,10-«а» классынын окуучулары жана класс жетекчиси Аширалиева Н.Х, тарбия иштеринин жетекчиси Мелисова Р.М болушту.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө улуттук маданияттын баалуулуктарын чагылдырган элдик каада-салттар окуучулардын аткаруучулук чеберчилиги менен көрсөтүлүп, сахналаштырылган көрүнүштөр, ыр-бийлер орун алды. Ошондой эле «Кел,Нооруз майрамы!» деген аталышта класстык сааттар ѳткѳрүлдү. Андан тышкары «улуттук тамак-аштардын»кѳргѳзмѳсү болуп,ага 7-класстын окуучулары катышышты.

«Нооруз» майрамына карата ѳткѳрүлѳн иш-чарага окуучулар да,мугалимдер да активдүү катышышты. Майрам жогорку деңгээлде ѳтүп,бардыгынын купулуна толду. Ар бир жылы ѳзгѳчѳ форматтагы иш-чараларды ѳткѳрүүнү дагы планга киргиздик.