Бүгүн 2-февралда кыргыз элдик оозеки чыгармалар боюнча «Шайырлар жана тапкычтар» аталышындагы КВН болуп ѳттү. Окуучулар абдан жакшы даярдыктарды кѳрүшүптүр. КВН 6-класстар арасында болуп ѳтүп,ага кыргыз тилдүү жана орус тилдүү класстар катышышты. КВНди ѳткѳрүү жоопкерчилиги:Нарматбай кызы Салкынай жана Ташкенбаева Зеядаларда болду.Тѳмѳндѳгүдѳй программа менен командалар күч сынашты:

1. Саламдашуу
2. Жомоктон үзүндү кѳрсѳтүү
3. Табышмак айтуу
4. Макал-лакап айтуу
5. Элдик ырлардан ырдоо
6. Манас айтуу

Эң жогорку бал менен 6-«в» классынын окуучулары бул КВНдин жеңүүчүлѳрү деп табылды. Бардык күч сынашкан окуучулар «мактоо баракчалары» менен сыйланышты.