Декабрь айынын акыркы жумасында Ат-Башы мектеп-лицейинде бир нече жагымдуу жаңылык болду. «Зита жана Гита» коомдук фонду жана «Фрунзе» гипермаркети биздин мектепте окуган айрым окуучуларга Жаңы жылдык жагымдуу маанай тартуулашты.

«Зита жана Гита» коомдук фонду 20 окуучуга таттуу белек менен бирге, «Сейтек» театрына «Кышкы жомок» спектаклине акысыз 20 билет жана 10 үй-бүлѳгѳ тамак-аш азыктарын беришти.

Ал эми «Фрунзе» гипермаркети жети окуучуга таттуу белектерди тапшырышты.

Ат-Башы мектеп-лицейи окуучуларга жагымдуу маанай тартуулаган «Зита жана Гита» коомдук фондуна жана «Фрунзе» гипермаркетинин жетекчилигине терең ыраазычылыгын билдирет.

Ушундай жагымдуу маанайда кышкы эс алууга тарадык,12-январда кайрадан окуучуларыбызды мектепте күтѳбүз.