Жарандык коргонуу — өзгөчө кырдаал убагында коркунучтарды болтурбоону камсыз кылуучу жалпы мамлекеттик иш-чаралар системасы.

Өзгөчө кырдаал — республиканын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, алардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаал.

Ат-Башы мектеп-лицейинде атайын Сокулук районунун Билим берүү бѳлүмүнүн буйругунун негизинде 12-апрелде «Жарандык коргонуу күнү» ɵткɵрүлдү.

Мектепте Жарандык коргонууну ɵткɵрүү күнү тууралуу план түзүлгɵн. Бул күнү мектептин кызматкерлерине жана окуучуларына ɵзгɵчɵ кырдаалдарда жасалуучу практикалык иш-аракеттер жасалды.